Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 3-кат
Курманжан! Жазган катыңды жана газетаны алдым. Ал-жайңардан кабар алып абдан кубандым. Алыста жүргөн кезде кат чиркин көнүлалуу зооктонуунун дарысы болот экен. Канчалык көңүлүңдү ачык тутам деп ойлосоң да, эл журтуңдан кабар кечиксе, боор кургур толгонуп тура берет. Кусейнден мага да кыштан бери кат келбейт, мындай калабалуу заманда белгисизден кабар тыйылыш санааны санга , көңүлдү көпкө бөлөт эмеспи!? Кан көөкөрдө, баш канжыгада кезде тагдыр каш-кабактын ортосундагы иш да! Билбейм, теги кат жазбаса да кырсыктан тыкары болсун!... Менин жумушум жакшы, азып-бозгундуктун муусапырлыгы капа болбосо, эч кандай нерседен кемчилигим жок. Кыштагы ордубуздан түштүктү көздөй 200 км жерде турабыз. Бул жерде да 6 күндөн бери жаз келип күн жылып калды. Жер бети жана бак дарактар көгөрүп келк жатат. Табигаттын күлүмсүрөшүнө карата көңүл да өсүп илгери үмүт ойду байытып, денени кеңейтип жатат. Кече, үч жылдан бери көрбөгөн пивону да даам татууга насип кылды! Эгер Фрунзеде кезим болгондо, мындай экен андай экен деп сынга алаар элем, бул жерде кайсы срот болсо да тилиме абдан ширин татыды. Согуш дегендин табияты агын суу сыяктуу боло турган нерсе: бирде кирип, бирде тартыла турган, Кыш бою карчылдашып жаттык эле, азыр тып-тынч. Анда-санда гана гана унутпас үчүн бир же эки снаряд таштап койуп турабыз. Ал дагы мен тирүүмүн дегендей жооп кайтарат. Мен азыр там үйдүн ичинде жащайм. Жергиликтүү элдерди алысыраак тылга көчүрдүк. Менин кожоюнум жаз абдан күчүнө киргенде отпуск беремин дейт, жүрөктү делеритип койду, билбейм ага чейин кандай абалда болоорун, себеби согуштун климаты төрдүкү сыяктуу болот. Бирде кар, бирде мөндүр, бирде жамгыр бирде күтпөстөн күн чайыттай ачылып кетет эмеспи. Теги силерге барып кайтышка бар күчүмдү жумшап көрөм. Молдогазы мурдагы эле ордунда жакшы иштеп жатабы? Илий эмне үчүн мага кат жазбайт? Передай! Всем знакомым и друзьям от меня горячий боевой привет. С получением немедленно сообши Илий, чтобы оно непрменно и в тот-же час написала мне письмо! Сага жалындуу саламым менен Абдулхай. 18.05.44-жыл.