Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 16. 7-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.

Амандык кат!!! 21.06.44 г. Кымбаттуу улуу даражада көрүчү бир тууганым Курманга, мен иниң Галийден жана менин жолдошум Асылжайдан жүрөктөн кайнап чыккан сагынычтуу саламыбызды кош колдоп ушул тили жок ак баракча менен сунабыз. Эже кандай аман эсен дениң соо өзүңө тийиштүү ишиңди аткарып жүрөсүңбү? Фатима татеме, жездеме, Маратка, Эркинге, Газизага, Илийге жана башка туугандарга менден ысык салам айт сениң открытканы 29.05 алдым. Мен болсом мурунку эле жердемин. Артиллерияда радистмин Ковель шаарындамын. Турмушум жакшы, кардым ток өзүмдүн кызматымды аткарып жүрөм. Мамаман 21.05. кат алдым. Аман экендигин билип абдан кубандым. Эже мүмкүнчүлүгүңүз болсо ата-энеме ини карындаштарыма алың келишинче жардамдашсаң болбойбу. Атамын сырын өзүң билесиң, эч убакытта эмне болуп бара жатса да жардам сурабайт. Мамам абдан карыдык дейт. Ушул сөздү окуганда жүрөгүмө ок тийгендей болду. Бир жагынан мени ойунан чыгарышпайт иштеген иштери кыйын. Үй бүлөнү өзүң билесиң Фатима татем эмне үчүн жардамдашпайт же мен жок. Мен үчүн силер кайгырбагыла. Менин жалгыз башым мына эч качан кор болбойт. Тууганчылыкты унутканыңар жарабайт, жакшы кезде бар кезде тууганмын деп башка кыйынчылык келгени унутуш жарабайт ага капа болбогула эже. Жүрөгүмө өтүп кеткендигинен жаздым. Кош аман болууңарды тилеп иниң Галий. 21.06.44 г.