Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 4-кат

Курман! Сенин 22.05.44-жылда жазган катыңды, 07.06.44-жылда алдым. Деним сак. Турмушум абдан жакшы. Аз күндөн бери менин адистигим боюнча оор кызматтар жүрүп жатаит; эртеден келеери кечке, олтура калып эс алууга убакыт жок. Ал компания акырына жакындай элек дагы бир топ күн кыйналып иштей турганбыз. Жаңы келип токтогон жерибиз болжол менен айтканда Белоруссиянын Орузбайга окшош баш тамгасы бар шаарынын күнчыгышында 40-50 чакырымча жерде турабыз башкача айтканда күзүндөгү турган жерге кайра келдик. Сормо ылайлуу жол оор болду. Эми бул жерге да жаз белгиси толук келди, бирок быйыл былтыркыга караганда күн алда кача суук. Ушул күнгө чейин шинелди үстүбүздөн таштабайбыз. Согуштун жайын сурасаң- эч кандай айрыкча өзгөрүштөр жок. Бул жерде таң эрте атат-саат 2де жер абдан жарык болот. Бүгүн ошол таң жеек салгандан тартып мына азыр саат 11ге чейин душман замбиректерин түрсүлдөтүп аткылады. Бирок эч кандай натыйжага ээ болгон жок. Ал өңдүү аткылаштар согуштук үч жыл ичинде миң-сан болгондуктан биздин кулагыбыз үйүр алып калыптыр, камарабастан уктай бердик. Батыш жактагы биздин ашыналарыбыздын Европа континентине кол салышы солдаттардын, офицерлердин бардыгына абдан чоң таасир көрсөттү, быйыл эл журтубузду, үй-бүлөбүздү көрөбүз дешип күлүңдөп жүргөндөр андан көп. Бул кабар эмне болсо да жакшы кабар. Шайыктан жакында кат келди. Аман-эсен жакшы жүрүптур. Ал турган жерде эң арзанчылык экен. Буудай ундун путу 50 сом экен, жумуртканын 10ну 1сом, сүттүн литр 50 тыйын жана башка тамак-аш кийим кечек дегендер толуп жатат дейт. Бул айтканына карата анын кайсы жерде эенин божомолдоп билдим сенда түшүнөөрсүң. Кусейинден кат келбейт! Ай, соо эмеско! Мезгилсиз жым-жырт болуп калышы, чоң себептерге байланыштуудур? Мен анын командирине кат жазайын деп ойлойм. Эмне болсо да ачык айтсын. Отпуск жөнүндө натижа чыга элек. Шарка жараша багыттар замат сайын өгөрүлө берет эмеспи. Кош саламатта бол! Үзбөй кат жазып тур! Жоомартка, Жантөшевке, Сыдыкбекке менден салам айтып кой! Жокем эмне кат жазбай калды деп мени таарынып жатат деп айтып кой! Саламым менен Абдулхай. 08.06.44-жыл.