Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 5-кат
Курман! Кандай, дениң соо кызматыңды талыкпай жакшы аткарып турасыңбы? Ага-тууган жакшы санаган тааныш теңтуштар саламат турушабы? Заиттин ден соолугу ал авалы кандай? Бекештен кат келип турабы? Фрунзеде турмуш кандай? Эгин-тегин, жер жемиштин түшүмү кадай? Сенден көптөн бери кат келбейт. Менин турмушумду сурасаң абдан жакшы. Жыландын ортосунан 6-7 км алыстыкта убактылуу токтоп турабыз. Замбиректерибиздин октору жырткычтын черүүсүндө жарылып турат. Июн айынын акыркы жумасы, июнь айынын эки жумасынын ичинде күндүр түндүр жол жүрдүк. Душман артыбызда калып, биз андан өтө чаап кеткен күндөр да болду. Далай сонун жерлерди көрдүм. Азыр Литванын жериндемин анын мурдакы борборунун түштүк-батыш жагындамын. Тилдери укмуштуу болот экен. Бирге түзүлгөн кыштак жок, таруудай чачырашып жашашат экен. Шаарларында да болдум эң көркөмдүү. Отпуск жагын азыр унуттум, аз убакытка чыгуу бир жолу келе турган болгондон кийин кожоюндарымдан суроону да койдум. Жакында Газизадан кат алдым. Мындан бир айдан ашык мурда Илийден да кат келген. Үзбөй кат жазып тургула! Жоомартка, Түгөлбайга, Касымаалы Жантөшевге салам айтып кой. Саламым менен Абдулхай 08.08.44-жыл.