Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 18.5-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати. Редакции журнала “Советтик Кыргызстан” Лично. т. Кыдырбаевой Курман.

Курман! 10.08.44 г. Ардактуу Курман! Мен өзүңүз менен бирге иштеген Абузардын досу Жумаканмын. Сизге жалындуу салам айтам. Он бир айдын жүзү болду Кыргызстандан эч бир жаңылык укпай капа болуп жүрөм. Ошон үчүн Абузар досумду эске алып катты сизге жаздым. Менин Абузарым дүйнөдөн кеткен соң, менде дос калбай калганбы? “КК”нын коллективиндегилердин бирөөнөн да эч бир кат жок. Аалыкеме (Балка) эки жолу кат жазсам унчукпайт жарыктык. Жазуучуларга–Аалыга, Кубанычбекке, Туганбайга, арнап кат салсак да эч бир жооп жок. Бул эмне жорук экен түшүнбөйм. Жоомарт каза болду деген суук кабар угулду бирок ишенбей койдум. Деги Кыргызстанда мен тааныган тууган дос калганбы, жокпу. Курман айтыңызчы! Алыңыз кандай? Баягы эле “СК” журналында иштейсизби? Киши тааныбаган “КК” да кимдер иштейт. Жазуучулар союузунда кимдер иштейт? Аалыакеме Кубанычбекке, Түгөлбайга, Тазабекке, Жантөшев Касымалыга, Абдырасулга, Мукайга менден салам айтыңыз. Айрыкча Аликеме акырын айтыңызчы сизден өтүнөм: Аликем эмне үчүн унчукпайт. Анын ден соолугу жакшыбы Алыкемин “Жараланган жүрөк” деген китебин улам-улам окуп эрмек кылуудабыз. Курман бардык жаңылыкты жазыңыз. Турусбековдан, Темиркулдан кат-кабар келеби? Гүлсүнгө менден салам айтың Зуурага да салам. Кош Жумакан. 10.08.44. г.