Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 16. 12-кат
Кир. ССР г. Фрунзе Дзержинская 63. Кыдырбаевой К.
Амандык кат! Кымбаттуу улуу даражада көрүчү Курман эжеме, мен иниң Бекештен жана жолдошум Асылжайдан жүрөктөн кайнап чыккан сагыныштуу саламымды кош колдоп ушул тили жок ак баракча менен сунамын. Эже, кандай дениң соо курсагың ток эч кемчилигиң жок мурункудай эле иштен жүрөсүңбү? Сенин 02.09. жазган катыңды алып, абдан сүйүндүм. Абдан ичим күйүп турган кезим эле. Атамын грамота алганын билген эмес элем. Илийдин турмушу жакшы болсун, абдан кыйын болду. Газизадан мурункудай бат бат келген кат жок. Айына бир кат алсам алам албасам жок. Бат бат кат жазууңарды сурайм. Эми мен болсом Асылжай экөөбүз өзүбүздүн милдетибизди аткарып жүрөбүз. Ишибиз жаман эмес. Жакшы иштеген үчүң немецтик иттер менен жакшы күрөшкөн үчүн экөөбүзгө жакында правительственный награда берүү тийиш. Башка сөзжок. Аманчылыгыңарды тилеп Бекеш. 24.09.44. г.