Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 16. 9-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дзержинская 63. Кыдырбаевой К.

Амандык кат! Эже өзүмүң жаш жүрөгүмдөн кайнап чыккан ысык саламымды кош колдоп сунамын. Катыңды алып, аманчылыгыңды билип абдан кубандым. Оокат авалды баарын билдим. Газизадан, атаман да азыр алдым. Күндө ушунча алып турсамчы дейм. Мен болсом аман эсен деним соо, кардым ток, өз кыматымды жакшы аткарып жүрөм. Эже мен жолдошторум менен сүрөткө түшүп жибердим эле, Газизага алдыңарбы? Баарыңарга жиберейин десем башка кайтып түшүрбөй койду. Кат жазбагандыгым адресиң өзгөрүлгөндүгү. Эски адресиңе бир нече жолу жаздым Газизага жаздым сага берсин деп. Атам мен үчүн өтө капа болот окшойт. Катынан билдим. Сен да капа болбогула. Турмушум азыр жакшы. Жолдошторум жарадар болгон, азыр үйүндө. Асылжай экөөбүз жана дагы бир жолдошум бар Самаркандтан бери чогуубуз. Ишиң кандай? Должносттуң кандай? Илийдин турмушу кандай, келдиби? Эже тез тез жазгыла. Менде 2-3 күндө убакыт таап эптеп жазып турам. Атама ар жумада жазсам да аз жазасың дейт. Күндө жазбасам болбоду. Азыр польшадамын, далай жердебиз, жакында иттердин жерине талкалай киребиз. Башка жаза турган сөз жок. Кош! Аманчылыгыңды тилеп Галий. 08.10.44.г.