Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 6-кат
Г. Фрунзе Кирг.ССР Дом печати Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаевой Курманжан.
Курман! Кандай турмушуң жакшыбы, эмне үчүн көптөн бери каттарыма жооп бербейсиң, же бир кырсыкка учурадыңбы? Эл кандай, турмуш кандай? Заит кайда иштейт, Бекиштен кат келип жатабы? Иманкулдан кабар барбы? Кусейиндин тагдыры тууралуу Түгөлбай мага кат жазды эле. Айла барбы.... Мен сенден июль айынан тартып кат албадым. Турмушум жакшы, деним сак башканы тилей турган убакыт эмес. Башка эл башка жерде жашайбыз. Илийдин турмушу кандай ал эмне кат жазбайт? Журналда эмне жаңылыктар бар? Бат-бат кат жазып тур. Саламым менен Абдулхай 10.11.44-жыл.