Ф.1278. Оп.1. Д.2. Л.67. 68.

КАЗАКБАЕВ КУРМАНБЕК Ардактуу Акталаанын атыр жыттуу салкын авасынан дем алып жатышкан атам, апам, таякем! Инилерим Дайырбек, Шүкүрбек, Сарылбек; жээндерим Карыбек, Тилекбүбү, Сууракан, Суурабүбү карындаштарым, ага-туугандар! Баарыңар жалпы-жайык аман эсен турасыңарбы. Тенти таяке, оорубай жүрөсүзбү. Мен 8-19 мартка чейин фронтто чабуулда жүрдүм, 19 март күнү Винниск шаарынын алдындагы катуу салгылашта жарадар болуп, госпиталга жаттым. Согуш кыйын. Анын түрүн адамга көрсөтпөсүн. Далай адам өлдү. Мен 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм. Мыкаачы душмандардан көп шаарлар бошоду. Душманды биз жексен кылабыз, жеңиш биздики болот. Мен ишенем. Инилерим , жээндерим, силер жакшы окугула, элдин-жердин, ата-эненин татыктуу, сыймыктана турган уулдарынан болуп өскүлө. Фронтко үспөй жардам берип тургула. Ден соолук тилейли. Ден соолук болсо, жеңиш менен үйгө кайтам. Көрүшкөнчө. Курманбек, 28 май.....1944 ж. Ардактуу таяке! Мен фронтко келдим... Жакында кайрадан чабуул. Ыйык Ата-Мекен алдында силерди уятка калтырбайм. Согуш өрт, бирок эчтеке эмес, өрттү өчүрөбүз. Душман кыжырга тийип бүттү, аны талкалап, жер жүзүнөн жексен кылабыз, аз калды. Буюрса, аман-эсен үйдөн кездешебиз.. Мен бул катты Полша жеринен жазып жатам. Жакында чабуул. Ден соолук тилейли. Курманбек, 10 июнь..1944 ж. Казакбаев Курманбек 1925-жылы Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап селосунда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Курманбек 7-классты жалаң 5 менен райондук элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасына татыктуу болуп бүтүргөн. Согуш жылдарында жалындуу комсомолец Жаңы-Талап селолук советинин катчысы болуп иштейт, ошол эле убакта Байымбет (Тоголок-Молдо) атындагы мектепте мугалимдик милдет аткарып сабак өткөзүп жүрөт. Курманбектин Ата-Мекенин душмандын мыкаачы уучунан бошотсом деген тилеги акыры ишке ашып, 18 жашка толоор замат аскерге кетет. Ал 1943-1945 жылдары 1-Украина жана 4-Украина фронтторунда аскердик кызмат өтөп, фашисттердин крым тобун талкалоого, Крымды толук бошотууга катышкан, Винниск шаарын бошотуу үчүн болгон чабуулда жарадар болуп, госпиталга жеткизилет. Бирок жараты айыгар менен кайрадан фронтко суранат. Комсомолец жоокер 1945-жылы кышында Польша жеринде баатырларча курман болгон.