Ф.1278. Оп.1. Д.2. Л.66. 66об.

Сарылбек жээндерим Даирбек, Тилекбюбю, Бүбүкан, Сууракан, Суурабүбү, акем Бектуралы, Жаркынбай, энем Үкүтай, инилерим Кыдырбек, Озунбек ж жэңелер баарыңар жалпы жайык аман эсен саламатта жатасыңарбы. Турмушуңар жакшыбы. Таяке ооруңан тыңып кеттиңби, дениң сак саламатта жүрөсүңбү. Апам, атам күлүү күчтүү турушабы, балачакалар чоңойуп ойноп турушабы. Кудалар баары саламатта жакшыбы. Шүкүрбек атаңан кат келип атабы, эмне кызматта иштейсиң. Эми мен болсом март айынын 8де наступленияга кирип, март айынын 14 финский деген шаарда оң бутумдан ранин болдум. Уруш майданында 11 күн болдум, ошондон кудайым сактап жүрдү. Согуш кыйын. Март айынын 19 госпиталда жатып апрель айынын 25инде ранением айыкты. Кайра 4 Украинский фронтуна жөнөттү (Крымга) эчтеке эмес кудайдан ден соолукту тилейли, кудай ден соолук берсе үйгө барармын. 2чи жолу фронтко киришим. 1чи фронтто 11 күн жалын кызыл чокто болдум. Далай адам өлдү. Жакында фронт бүтөр.