Ф.1278.Оп.1.Д.2а.Л.103

Ар кандай бир бош убакытым болсо сиздер жака кат жазуудан чарчабаймын. Оз жолдошторум канча бир убакытта кат жазышса мен кун санап Катарлантып Кагаз жиптерге Эриксизден мажбур болом . Же оз туулган жеримди сагындымбы же башка башка эл арасында жашоого менини диним кошулбайбы? Озум чече билелбаймын. Сиздер жака 4.5 жолу кат жазып кыскача эсенчилигимди уруксатсыз билгиздим. Мен болсом ден сак озунуз коргондой азырынча Румыниянын Липова шаарында милдетимди аткарып журомун ал акбал жакшы товарищтер арасында турамын. Азырынча сиздер жактан эч кандай кат жок Аалыке! Менден: Чет мамлекетте жашагам журогумдон Кыргыз жерине Эсенчиликти элестетерсиз жана Зейнепке Бурактык армиялык приветимди айтарсыз.Жолдошко мусулманчылык саламымды Тараска бир тууганчылык Тамарага тайкелик, атын эсимден чыгарган жигиттин бетинен ооп кичитайкесини эсенчилигин билгизерсиз? Эми менден мындан башка эмне соз болсун ойлондум баарын катка жазсам ал кат эмес китеп же бир роман болуп кетет. Биз жактан, Советтеги Кыргыз жоокерлеринен эл ичинден азаматтарга эсенчилик салам айтарсыз? Эсенчилик болсо жуз корунуп каларбыз. Бул жерде сиздердин чыгармаларыныздан кур эмесмин. Кыргыз китеп болсода казах, узбек башкаларынын чыгарамаларын окуйм. Эч качан Эрикепейм. Газеттен Кыргызстандын эмне жанылык, осушторун окуп турам. Техникумдар ачылып жатканын, мамлекетке 91.6% тапшырууда, жаны курулуштардын ж/б ботончо Манас китебинин 1-томунун чыга турганын билдим. Мына менин кыскача катым башка соз жок. Тагдырды чечуучу каттар сиздер жактан кутуп турган кез. Катасы болсо кечиресиз ? Жаш эмеспис катасын оной кечиресиздер? Адрес полевая почта 51850 Уйкалышпаган жерине уйкалыштырып бересиз? 34 Славян культурлу эл менен журуп созго чоркок болуп калдык. Майрамыбызбы оз заңы менен майрамдап откоздук.