Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 7-кат
Курман! Кандай, дениң сок кызматыңды жакшы аткарып жатасыңбы? Турмушуң жакшыбы? Согуш бүткөндөн кийин Фрунзеде жана Республикада кандай жаңылыктар бар? Элдин турмушу оңолуп келе жатабы? Дан жана башка продукттар арзандап келе жатабы? Кийим-кечек маселеси кандай? Илий бала-бакырасы менен тың оокат кылып жатабы? Молдогазы өкүмүн жакшы аткарып жүрөбү? Жазуучулардын кандай жаңылыктары бар? Эмне үчүнсен мага кат жазууну токтоттуң? Бекеш кат жазып турабы? Ал кайда? Мен деним сак жакшымын. Кызматым жеңил жана кызык. Жалгыз гана элди мекенди сагындым. Күн сайын 5-6 жолу эстейм. Отпуск токтолуп калды, балким кышында барып калаармын деген үмүт бар. Бирок үмүт, үмүт менен ал чындык кандай болору белгисиз. Эгер республикадан суроо болсо жиберер эле бирок силер мени унутуп койгондугуңарга таарынам. Кантип төрт жыл кандуу согуштан аман калдым, эми мындан аркы тагдырым кандай болоорун көрө жатаармын. Убакыт өтүп бара жатат, ойлогон ойумду тилеген максатымды аткара элекмин. Республикабыз жаш өзүбүздүн тарыхыбыз изилделе элек, искусствобус белин көтөрө элек, поэзиябыз, литературабыз, тилибиз туруктана элек экени сага белгилүү го. Изилделенек областтар кой, изилдөөчү киши аз. Гүлдөп келе жаткан Кыргызстандын адабий, тарыхый же болбосо филасофиясына жок дегенде таруудай эмгек бермейинче, тилегим оорундалды деп эсептебейм. Ал тилекти армиялык турмушта аткарууга мүмкүндүк жок: биринчиден элдин алыстыгы, экинчиден кол алдымда изилдөө материалдар жок, үчүнчүдөн өткөң төрт жыл ичинде Республикада кандай жаңылыктар бар экени мага белгисиз. Болгон жанылыктарды жаз. Мени унутпасаң Куманжан! Кош саламатта бол. Илийге ысык салам айт. Ал эмне үчүн кат жазбайт? Мен экөөңө тең үзбөй кат жазып жатып чарчадым, бирок жооп жок. Ысык саламым менен колуңду кысып Абдулхай 20-ноябрь 3саат. Москва убактысы боюнча. Менин адресим П/П 70668 1945-жыл.