Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 8-кат

Курмаш! Келе жаткан жаңы жыл менен, сени жаңы жеңиштерге ээ болсун дей куттуктайм! Төртжылдан берки жай олтуруп, жакшы аңгемелешип тозо турган тынч жыл жакындап келе жатат. Ушул каттын үстүндө олтуруп өткөн төрт жылды күткөнүм эрксизден эске түшөт: 1942-жыл мен Оштомун. Боюма чак келбеген солдаттык боз шинелди кайыш кур менен курчанып командирлердин жыйналышында суук комнатада олтурам. Кезектеги маселе полкту уюштуруу иштери, солдаттарды согуш ишине үйрөтүш, казармандан эч кимди тышка чыгарбоо ж.б. Сааттын жебелери 12 көрсөткөндө полктун командири встать смирно! Деген команда берет. Бир минута солк этпестен туруп жаңы жылды күтөбүз. Анан жыйналыш саат 2ге чейин созулат. 1943-жыл Калинин фронту. Баш калкалаар бүтүн кепе да жок бардыгын немец өртөгөн, кыйраткан. Мен штабда опер дежурный. Вележден немецтер биздин позицияны аткылап жатат. Снарядтардын жарылышы жер титиретет, үлпүлдөгөн чырак толкунга жалпылдап улам өчөт. Телефон шылдырайт, мен кулагымды тозом. Дивизиянын командири 10 миуттун ичинде 116 адамды даярда деп буйрук берет. Жарак жабдыгы менен 116 адам аңгектин ичине топтолду. Саат 12ге беш минут калганда кош курдаштар жеңишке ээ болгула дейт аларды ВеликиеЛукиге жөнөттүк.Үлпүлдөгөн чырактын жарыгында штабдын начальниги-майор Курман Палванов экөөбүз жаңы жылды куттуктай жүз граммдан көтөрөбүз. Дагы телефон немецтер түнкү чалгынга даярданып жатат деп алдыдан эскадрондун командири докладтайт каршы чара көрүшкө киришебиз. 1944-жыл Витебскинин алдында түнт карагайдын ичиндебиз. Мен башкаполктомун. Эки жактан тең жер дүңгүрөгөн артиллериянын коконадасы кулак чуркурайт. Үстүн үч катар устун менен жапкан блиндажта үч офицер эки солдат отурабыз. Ылайдан жасаган мештин үстүндө жылкынын эти боркулдай кайнап жатат. Жаранкалардан жасалган столдун үстүндө эки бутылка арак , эки банка балык консервасы, сары май. Дүрмөттүн иньзасынан жасаган чырак кара түтүнүн буркуратып созолонуп күйүп турат. Каалга дүкүлдөдү -чабуул жасаган биздин бөлүктөр немецтердин үч траншеясын талкалап төрткыштакты бошотушту. Таң эрте менен жаңы позицияга көчүүгө полктун командири буйрук берди-дейт штаттын связнойу докладтайт. Саат 12, жаңы жеңиштер менен куттуктай тост көтөрдүк. 1945-жыл. Эки түндөн бери жолдобуз. Бүгүн түнкү саат 11де Висланын батыш жагынан боевой позиция алууга буйрук бар. Кар жаап, батыштан бетке чабаар бороон келип турат. Полктун тылы Висланын чыгышындагы токойчого токтоого тийиш. Саат 11 белгиленген жерге жеттик. Таалайыбызга бош блиндажтар бар экен. Чарбаны жайлаштырып, бир чоң блиндажка чогулдук. Доктор Кабаков, менин фельдшерим-Баранов жана Кабаковдун фельдшери Кондрашкин жана солдаттарыбыз, старшина, сержанттарыбыз, жпыз блиндажтын ичине тегерете отурдук. Жолдо келе жатканда поляктардын бимбрасынан(арагынан) запас камдай алганбыз. Жакында болуучу жеңиш менен бири бирибизди куттуктай жаңы жыл тостук. Ал эми эки үч күндөн кийин так ошол жаңы жылды тоскон 31 декабрь күнү мага майор деген наам өздөштүрүлөн буйрукту колума алдым. Мен эмки 1946-жылды жеңилген фашистердин ордосунун үстүндө балчая баса отуруп, буюрса аз күндө тосом. Курмаш! Ушул жылды араңарда олтуруп чогуу тозоюн деген үмүт бар эле, убактынча орундалбай калды. Ошентсе да менин ортоңордо жоктугумду билгизбей мага арнай бир стопканы толтурууңарды сурайм. Мен болсо сен үчүн Илий үчүн раматылык Имаш, Кусейндердин да жоктугун билгизбей бардыгыңарга арнай тост көтөрөм. Илийден көптөн бери кат келбегендигинен балким менин каттарымды албайбы деген ой менен, ага да сенин адресиң боюнча кат жаздым. Жаңы жыл менен куттуктай, колуңду кысып Абдулхай. Германия. Москва боюнча түнкү саат 3.49 минут демек бүгүн 16 число