Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 12. 7-кат

Г. Фрунзе дом печати Редакция газеты “Кызыл Кыргызстан” Кыдырбаевой.К.

Кымбаттуу Курман! Саламатпы? Курман, мен мындан мурда бир кат жаздым эле алдыңбы? Мен азыр бул жерден Крымга “океанская” деген санаториядамын. Дем алып жатканыма бир ай толсо да, саламаттык түзөлбөй койду. Ошондуктан путевканын маалын дагы узартып койушту. Менин турмушумда мындан башка эч жаңылык жок. Сиздин өз турмушуңузда, редакцияда, Фрунзеде, Кыргызстанда кандай жаңылыктар бар? Сиз мына бул адрес боюнча болгон жаңылыктарды жазып жибериңиз. Полевая почта 37238. Бул биздин штабымын адреси. Менин негизги иштеген жерим ушулда. Күн чыгыштын эл-аралык абалы менен тааныш эмессиздерби. Маселе бир аз чиеленишип, кыйын болуп турат. Развязканы кийин көрөбүз. Кыскача ушул Саламым менен Шаршенбай.