Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 13. 3-кат

Г. Фрунзе дом печати Редакция газеты “Кызыл Кыргызстан” Кыдырбаевой.К. Кымбаттуу

Курман! Шаршенбай бүгүн өтө кубанычтуу. Анткени сизден кат алды. 1942-жылдын июль айынан бери бир кат алып отурам кантип мактанбайм. Курман, саламаттыгыңыз кандай? Турмушчу? Курман, сиз журналга кандай барып калдыңыз? Каттан далай жаңылык угуп, кимдердин кайда экенин эми билбедимби. Чынын айтканда редакцияга сизден башка кишиге кат жазбайм, кимисине жазамын, эмне деп жазамын? Редакциядагылардан мен сизди гана билем жана урматтайм. Редакциядан акыркы кездерде көңүлүм абдан калды. Жиберген материалдарды баспаса мейли, деги сен кимсиң дешип сүйлөшүп коюшканды билбейт! Мен ал материалдарды гонорар үчүн эмес, газета эл үчүн жазгам. Кудая шүгүр айына 2000 акча аламын жетишет. Мукамбетке капамын...Бул кишилерге Маяковскийден цитат келтирсем болор эле, бирок болбос...Жакында “КК”га бир кат жибергем. Ал кат кызык кат, иши кылып тааныштардын бирөөнө тийсе, окуп күлүшөр жана билишер дегем. Ошентип, менин карагайдын түптөрүндө олтуруп, жаандан корголоп жүрүп жазгандарым суккнанын алдында калган экен да мейли. Курман мен үшүнтүп арызданып катты баштаганым үчүн кечирерсиз. Эрксизден айтууга туура келди. Эми өзүмдөн кабар айтайын. Мурдагы эле гвардиялык минаметтук (“Катюшы”) бөлүктө контрразветканын өкүлү болуп иштеймин! Дайыма бир фронтто турамын (анча мынча участка өзгөркөнүм болбосо). Кадимки Александр Невский жашаган славяндык эски калаанын босогосундабыз. Өсляк, кайда экенимди билерсиз.... Бул калаа өнүндө Лермонтовдун 5-6 строк ырын окуган чыгарсыз. Саламаттык болсо жакшы. Турмуш сонун. Иш мыкты. Мындай иш дурус иштен экен.... Мындан мурда 2 жолу өкмөттүк сыйлыкка тапшырылган элем (42ж. май жана август айында), бирок менден зависит этпеген себептер менен бирөө кайтып келген, бирөө күйүп калган дейт (бомбалоодо). Үчүнчү ирэт тапшырылып, “За отвагу” медалына татыймын, алдым. Үч жыл тең оперделенный чекистко –командировский пофиг көрсөтүлдү окшойт.... Биз “государственный ) болгондуктан согуштук наам льготтук шарт менен берилбейт., ошондуктан дале старший лейтенант болуп жүрөм. Кыргыз балдардан жок. Кокустан бир аскер баланы көрдүм эле, ал башка жакка кетьти. Дагы бир орус иничекти көрдүм эле, көргөнүмдүн эртеси операция мезгилинде кайтыш болуптур. .. Бул мен үчүн өтө аянычтуу болду..... Кокусунан Райкан Шүкүрбеков менен кат аркылуу байланышып калдым. Ал да ушул областын бир кычыгында көрүнөт. Мени менен Меркелик Мадеш Бөрлүбаев деген казак жигит гана саясый кызматчы болуп иштейт. Абузар акыркы айларда лейтенант эле, ротада зам. по политчаст болуп иштөөчү. Негедир кат жок. Жаңы адрести да жибергем. Эски адреси төмөнкү П/П241 часть№423 Гусаинову А. Сайрадан кат келип туру. Айгүл кыз чоңоюп жаткан экен. Маалынан ашып калыптыр. Сайра катында үй-бүлөлүк маселеден башканы эч жазбайт. Азыр жаз токой сонун, чиркей көп. “Поймал и при свете мерцающих планет Расматриваю-хвост малярийний или нет?” (Маяковский). Курман өзүмдүн таржымалымды айтсам ушул. Эми сизди күтөм. Мен сизге саламаттыгыңыз жакшы турмушту, көңүлдүлүктү, иште ийгиликти тилейм. Курман, жазууга азыр убакыт тар. Анткени оборонадабыз. Макул биринден-экинден жиберип турайын. Сиздерди кандай темп кызыктырат. Менде азыр даяр эки материал бар. Бирөө узунурак (“Муң” “Оор үшкүрүк” ) (КК чыгарбай койгон), экөөнүн бирөөнү жиберейин! Аалы агайга менден салам айтыңыз. Бирок мени унутуп койгон болуш керек дейм. Жоомартка, Алыкулга да менден ысык салам айтып коюңуз. Мукем менен Айткулу аксакалдарга “ырахмат” менен саламды, мүмкүн болсо, катар сунуңуз. Курмаш, көп иш тапшырдым окшойт. Бүтөйүн жазууну. Катым токтомдой эле болду окшойт. Катты тез жазып туруңуз деп “буйрамын”. Сизди Урматтоочу Шаршенбай. Баса, менин Абдырасул досум азыр кайда? Адрес Полевая почта 07783 Кулову Ш. Эскертүү: Принимать во внимание ваш оправдательный документ.