Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 21.

Киргизия г. Фрунзе Дом печати. Редакции журнала “Советтик Кыргызстан”

Кыдырбаева Курбанга! Ленинград фронтунун боеци Садыбакасов Абдыкерим сиздерге сүйгөндүк менен салам айтамын: Шаар Фрунзеде саламат жакшы турасыздарбы? Кумар сенин батышкысына деген ырыңды Советтик кыргызстан журналынан окуп аныңын мазмунуна терең түшүнүп зор кубанычта болдум. Кыдырбаева, Шимев сиздер көп жылдар саяасый адабият кызматкери болуп иштейсиздер сиздердин өскөндүгүңөрдү мен жакшы түшүнөм. Мен болсом үч жылдан бери армияда кызмат кылам. Сталинград Кирсон шаары алдындагы немистер менен болгон чоң салгылашууларда болдум. Эки жолу жеңил жарадар болдум. Үч ай тылда болуп жакында финляндиядагы согушта жана дагы оң колумдан жеңил жарадар болдум. 2-3 ай госпитальда жата турган болдум. Мен өз автоматым менен разветкага барып ак финдер арабасындагы кухнядан обед алышып жатканда автоматымдан ок жаадырдым. 7-8 син кырып таштадым. Араба айдап бара жаткан поварын ыргыта атып таштадым. Жолдош Кыдырбаева Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктардын бардыгын катка жазып фронтовикке билдир. Мен Ленинград шаарында госпиталда жатамын. Сиз абдан жакшы кызсыз ее. Балким мен бошоп барып калармын. Кыдырбаева турмушка чыктыңбы? Чыксаң жолдошуң сизге капа болуп жүрбөсүн ар кимдер кат жазат экен деп, андай эмес сиз элдик элдер сүйөт.