Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 10-кат

Г. Фрунзе Кирг.ССР Дом печати Редакция журнала “Коммунист” Кыдырбаевой Курманжан.

Курман! Сак-саламат турасыңбы? Кандай өзгөрүш, кандай жаңылыктар бар? Кара-Колдогулар жана айылдагылар аман-эсен жатышабы? Илий бала-бакрасы менен тың оокат жасап жатабы? Силерден такыр эле кат келбей калды го. Унутуп калдыңарбы? Мен качан бараарым белгисиз, бошоноорум белгилүү. Бир чарчы кагазды аябай эле кат жазып кой , аман болсом ошол кагазыңдын кадырына чыгаармын. Турмушум жакшы, кызматым жеңил бош убакыттын көпчүлүгүн китеп окуу менен өткөүп жатам. Беш жыл согушта жүрүп далай маданияттан артта калган экенмин, ошону кубалай жетүүгө кулагымды чарк угуп жатам. Ким билет жетемби, жетпейминби. Бул жерге келгенден бери “Шамилдин тарыхы”, “Наполеон” деген китептерди окуп бүттүм. Горькийдин “Избранные произведения” ларын окуп жатам жана азыр алдымда “Мать” бети ачылып турат. Курмаш! Үзбөй кат жазып тур. Мени жакында келет экен деп эле кат жазбай койбо. Мейли бир барак кагаз кайда жоголбойт эле. Илийге, Күлсүнгө, жана башка келин-кечек, кыз-кыркындарга салам айтып кой! Жакшы тилек саламым менен Абдулхай. Кош саламатта бол. 02.10.46-жыл.