Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 9-кат
Г. Фрунзе Кирг.ССР Дом печати Редакция журнала “Коммунист” Кыдырбаевой Курманжан. Курман! Мен, 5-сентябрь күнү келип Илийге кат жаздым эле. Андагы жаңылыктарды уккандырсың. Эми менин демобилизациям жөнүндө аныкталды. Отпускадан кечигип келдиң дейт 15 күнгө күнөөлөдү. Ошону кызмат үстүндө бүткөргөндөн кийин приказ боюнча бошонот экенмин. Буюрса октябрь айынын биринчи жарымында барып калуучудаймын. Ден соолугум жакшы, кызмат жеңил. Бул жерде күндө жаан, күндүн көзүн көрүү эң кыйын, шинельсиз жүрүүгө болбойт. Кечээ кечинде театрда болдум “Флория Тоска” деген Пуччининин операсын көрдүм, жаман ойношкон жок. Бүгүн кечинде циркке барайын деп турам: күлкүлүү оюндар болот деген афишаны окудум. Мен кеткенден кийин кандай жаңылыктар болду? Силердинкруг аман-эсен иштеп жатабы? Кимдер үйлөнүштү, кимдер ажырашты? Айдарбеков үйлөндү деген кабарды Москвада уктум эле. Айыл жактан кандай кабар бар? Зайит бала-бакрасы менен аман-эсен жатабы? Илий башка квартирига көчтүбү? Өзүңдүн квартира маселең эмне болду? Жалил, Узактар мурдагы эле ордунда иштеп жатышабы? Башка жазаар сөз деле жок. Ушул катты алаарың менен кат жаз. Илийге, анын бала-бакырасына жана ошол короодугу кемпир-кесектерге: Койсунга, Гулжамалдын энесине, катын-калачтарга, Гулжамалга, Жумаканга, Фатимага ж.б. ушуга окшогондорго салам айтып кой! Эркектерден: Жумашка, Жалилге, Исхановго, Узакбайга, Байтемировго, Бөрүгө менден урматтуу салам деп кой. Колуңду кысып Абдулхай. 09.09.46-жыл.