Фонд №1278, опись №1, дело №2, лист 67

Курманбек Казакбаевдин каты үй-бүлөсүнө

Казакбаев Курманбек /1925-1945/

Ардактуу Акталаанын атыр жыттуу салкын авасынан дем алып жатышкан атам, апам, таякем!

Инилерим Дайырбек, Шүкүрбек, Сарылбек; жээндерим Карыбек, Тилекбүбү; Сууракан, Суурабүбү карындаштарым, ага-туугандар! Баарыңыр жалпы-жайык аман-эсен турасыңарбы?  Тенти таяке, оорубай жүрөсүзбү?.. Мен 8-марттан 19-мартка дейре фронтто чабуулда жүрдүм, 19-март күнү Винниск шаарынын алдындагы катуу салгылашта жарадар болуп, госпиталга жаттым. Согуш кыйын. Анын түрүн адамга көрсөтпөсүн. Далай адам өлдү. Мен 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм... Мыкаачы душмандардан көп шаарлар бошоду. Душманды биз жексен кылабыз, жеңиш биздики болот. Мен ишенем. Инилерим, жээндерим, силер жакшы окугула, элдин-жердин, ата-эненин татыктуу, сыймыктана турган уулдарынан болуп өскүлө . Вронтико үспөй жардам берип тургула. Ден соолук тилейли. Ден соолук болсо, жеңиш менен үйгө кайтам. Көрүшкөнчө.

Курманбек, 28 май... 1944.

Яндекс.Метрика