Фонд №1278, опись №1, дело №2а, лист 57

Письмо Шабикеева Ташкенбая

Амандык кат

Алыстагы Кыргызстандын жериндеги эртели-кеч соккон шамалды жана авасында жана эртели-кеч колхоздун жумушун иштеп туруу апам Канымбүбү, карындашым Сабыркүл жана Дарбү, Жамал болуп, жана башка агайын-туугандар болуп жалпыңар менен соо-саламат, кайгы-капаңар жок жүрөсүңөрбү. Сабыркүл кандай! Сак-саламат окуусунда окуп, үйгө келип-кетип турабы? Апа, колхоз кандай, эгиниңердин чыгышы жана башка эгиндин чыгышы кандай? Жакшы чыгышы жана өзүңдүн корооңдо эмине айдап, эмине тигип алдың, кагышы кандай?

Жакшы чыгып бере ала турганбы? Апа, эми эптеп адатыңча кыбырап капа-кайгы билбей эч болбогондой  (окулбайт).

Эми мен болсом аман-эсен, кайта суратып жатып, балдарга кошулуп мурунку ордума келдим. Үйдө жүргөндөй болуп калдым апа. (Окулбайт), Жайналдин үчөөбүз бир командадабыз. Июлдун башында жөнөгөн турабыз. Капа болбогула, мурун бир күн көрүп кайта аварондо жатабыз.  Капа болбой амандыгыбызды тилеп жата бергиле. Кыскасы, айтарым ушул апа. Кайта кат жаз кез-кез. Эсен тур. Шашып жаман болуп калды. (окулбайт)

Апа, мындан мурун дагы кат жаздым эле. Тийдиби же тийген жокпу? Силерден бир кат келелек. Кат келип окуп турган да жакшы экен. Тигилердин аэропланы күнүгө үстүбүздөн учуп атат. Кыргый тийген бөдөнөдөй болуп калабыз. Биздики болсо артынан кубалап, иши кылып кайта кайтарат. (окулбайт)

Аманчылык болсо акыр соо барабыз. Жеңиш биздики!

24/VII 42. Июль

 Кирг ССр. Фрунзенская обл. Ворошиловский р/н.

Таштюбенский с/с. к-з Чоң-Таш. Кулкегенову Канымбүбү

996 Полевая почта 857 Артполк. 3-дивизия 8-й батерея

От Шабикеева Ташкенбай. (Колу)

Яндекс.Метрика