Фонд №2287, опись №1, дело №105, лист 22

Турусбековдун каты А. Токомбаевге “Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет”

Амандык кат

Кымбаттуу иним Алиге, келиним Зайнатка, балдарым Жолдош, Тараз, Тамара жана башка ага-туугандарга алыс жерде алдыњкы катарда фронтовек болуп жүрүүчү мен Рыскулдан деп билерсиздер. Сиздердин аманчылыктарыњарды кече жакында катыфњарды алып, билип чоњ кубандым. Унутбасањар ошентип кавт жазып тургула. \

Менин кыскача айтканда саламатчылыгым начар, эфазыма лехки, хранических бронхит, свежия малерия деген справка берген. өзүмдү не к сторовай деп жазып, шондон бери Артелерияда иштеймин. Уруш жөнү болсо күн санап жылыштабыз, брок, өтө чыгым көб, өлгөнгө карабай алга беттеп эрдик менен барабыз. Брок канчалык жолдоштордон коштоштук. Уруштун түрү ушундай болсо Кудай блет сыздер менен менин көрүшүшүмдү

Иш ушундай болсо менимче Куда билет брак, ойлобоймун силерди көрөм деп. Убактылу кыйналыштабыз. Куда билет качан тынчырды, экинчи ойлоном уруш башындагы өлгөндөр абдан жакшы өлгөн эч кыйынчылыкты көргөнү жок. 2- айдабы 1 айдабы бүтөрбүз деп жанды таштай салып согушабыз. Бирок, тирү калганыбыз аз болуп калат. Ошончолук азапты тартып келип, акырында ага-туугандарды, балдарды көрбөй өлсөк арман ичте калат го. Бирок, эр башына күн түшсө өтүк менен су кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен су ичет деп айткан лакапты башынан өткөргөн эрлер айтса керек. Азыр биз так ошолбуз. Чихды куткарып жатабыз. Руменди, Венкирди, Братславияны да куткарганбыз. Сөз менде жок, өзүњөрдөн болсун. Кошо, кош, балдарымдын бетинен мекин үчүн сүйүп кой деп агањ Рыскул.

п/п № 16560 “А” Турумбеков. 19/IV- 45г.

Яндекс.Метрика