Ф.1278. Оп.1. Д.5. Л.1, 12.

Курманжан!

Сен эмне үчүн мага кат жазганды койдун? Сенден кат албаганыма жарым жылдан ашты. Кандай мага таарынычың бар? Эгер жок болсо эмне үчүн каттарыма жооп бербейсин? Турмуш ал-жайың кандай? Маданият майданында эмне жанылыктар бар? Шаарда кандай өзгөрүш бар? Илий бала-бакырасын жүдөтпөй-какатпай жакшы багып жатабы? Газибанын окуусу ийгиликтүүбү? Зайит кайда иштейт? Бекештен кат келип жатабы?

Мен болсом аман-эсен Бранденбург областында Обердин боюнда “балык кармап” жатам. Висладан Оберге чейин уйку бетин көрбөй күндүр-түндүр 16 сутка журдүк Көргөн кызыктар айтып түгөнгүс. Бүт дүйнөнүн кожоюндары жаргакта кубарып, коендон коркок, эшектен жоош болуп, ууру иттей көздөрун жуумуп олтурушат. Европаны бүт кемиктей шимиген мыкачылардын үнкүрлөрүндө эмне жок, керек дегендин бары бар: темир туулгадан тартып алтын саатка чейин. Адам таң кала турган жана жиркене турган нерселер болуп жатат. Иши кылып аман эсен көүшсөк айтып бүткүс “Миң биртүн”

Курмаш, сен баштапкы калыбыңча үзбөй кат жазып тур. Эл ичинде менин сенден башка кат билген жоп билген тууганым калган жок. Ошондуктан катыма жооп беришти милдетим дей бил!

Кош көрүшкөнчө саламат бол!

Колуңдан кысып Абдулхай.

Илийге менден салам!

20.02.45-жыл.

 

 

Курман!

Кандай турмушун жакшы, кызматтарынды үзгүлтүксүз иштеп жатасынбы? Фрунзеде кандай жанылыктар бар? Журналыңарда кандай жакшы чыгармалар бар? Илгий бала-бакырасы менен аман-эсен турабы? Иманкулдан, Кусеинден, Бекештен, Сатардан кат келип турабы? Турмуш, ал-жайыңар кандай (тамак-аш, кийим-кече жагы)? Эмне үчүн көптөн бери кат жазбайсын?

Мен жакында сага кат жаздым эле алгандырсың? Турмушум жакшы, кызмат көп. Убактынча бир орунда турабыз. Согуш кандуу жүрүп жатат. Менин деним сак! Аман болсок көрүшөөргө аз калды. Үзбөй кат жазып тур! Тааныштарга менден ысык салам айт. Кош саламат бол! Абдулхай.

13.08.44г.