Ф.1278. Оп.1. Д.5. Л.1, 5.

Кадырлуу жолдош Курман

Кадырлуу жолдош Курман, сиздин почта аркылуу жиберген журналыңыздын алдым. Журналдын чыкканына бир жыл болгонуна карабастан, аны бир нече жолу кайра-кайра окуп чыктым. Тимеле койчу, өзүңөр менен жүз көрүшкөндөй болдум. Бул кызматыңызды кантип актоону өзүм да билбеймин... Азырынча жүрөк рахматтарымды гана айтамын. Курман, “К.К.” дан кат алдым. Анда бир без Лошадная Галя деген бар экен. “Жөнү жок капа болосуз”- деп муздак кат жазыптыр. Алиге чейин капамын. Мына бүгүн “Досторго” деген аңгеме жазып бүттүм. Жакында сиздерге келет. Жомарт агайга привет айтыңыз. Фронттук саламым менен – Аман. 25.12.43 жыл.

 

Кадырлуу жолдош Курман, сиздин жиберген журналыңыз тийди. Чоң рахмат. Мен ден-соолукта аманмын. Азыр согуш менен Эстония территориясыны кирдик. Новгород жана Луга шаарларындагы согуштарга катыштым. Келечегиме көрөгөчтүк кыла албаймын. Кыскача ушул. Кийинки учурларда эки ооз сөз жазбапсыз. Мейли ушуга да рахмат айттым.

Адрес эски Алымкулов А.

4.03.44-жыл.