Ф.1278. Оп.1. Д.2а. Л.76.

Кагылайын Аалыке! Жоомартты укканыма беш күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт, ыйлай берип көзүмдүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын данктуу женищтеринин күнү. Ар күнү миндеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсом нес кишче кубанууда же ыйлаануда билбей басып журөм. Акыры чон женишти барыбыз чогу көрсөк жакшы болмок эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке эмне болду? Саламат болунуз Темиркул.

3/8/1944ж.