Основание: ЦГА ОПД КР Ф.56. Оп.5. Д.290. Л.19.


Амансызбы Кымбаттуу Жолдош Жаналиев. Катты Сизге 37333 номердүү бөлүмдөгү фронттогу Кыргыз боецтери жазып жатышат. Бөлүктө онго жакын кыргыз балдар барбыз. Бөлүк 43-жыдын 10-июлунан тартып согушта. Аны кайсыл фронттордо болгондугун жазып отурушунун эч кажети жок. Бөлүк согушка кирген күндөн тартып бизда согушуп келе жатабыз. Улуу Сталиндин жана Родинанын тапшырмасын согушка мыкты аткаргандыгы учун Сталиндик гвардиясынан арыка конгон анда кызмат кылуучу биздер-гвардеецтер. Бөлүк жайкы согуштарда ийгиликтүү согушкандыгы үчүн “Кызыл-Туу” ордени менен сыйланды. Кат жазып жатышкан Кыргыз элинин уулдары жолдош Жаналиев, алды 4 жылдан аягы 2 жылдан өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган. Алар: Майрыков Дуйше, Жунусов Абдылда, Кенжекулов К., Кулакмедов Акмат, Таныкулов Акмат, Шайдулдаев, Быржыкбаевдар. Биз кыргыз элинин, сиздердин тапшырмаңыздарды аткардык. Бирок душман Сталин айрандай аңгектин кырында, аны ошол аңгекке кулатуу аны өзүнүн ийнинде биротоло кайратуу милдети Кызыл Армиянын, Совет элинин Улуу милдети. Муну аткаруу үчүн биз акыркы өмүрүбүзгө чейин күрөшөбүз. Өлкө коргоо үчүн туулган жерден кеткени бизге көп убакыт болду. Туулган жер, эл менен дана байланыш жасай албагандыктан элдин турмушу, Республикадагы жаңылыктар, жетишкендиңер менен тааныш эмесбиз. Бөлүккө кыргыз тилинде газета журналдар жана башка литературалар келбейт. Кээ бирөөлөрүбүз орус тилин жакшы билбегендин аркасында – коммунисттер катарында өзүбүздү идеялык жагынан жабдууга кыйынчылык келип отурат, экинчиден Кыргыз Республикасынын турмуштары менен танышуудан артта калып отурабыз. Ошондуктан Сизден көп өтүнүп сурайбыз Кыргыз тилинде литературалар жиберүүңүздү, ал литературалар төмөнкүлөр болууга тийиш Сталиндин “Улуу Ата-мекендик Согуш” жөнүндөгү китептери, кийинки Сталиндин приказдары жана докладтары партиянын тарыхтары жана башка кооз адабият китептери, асиресе, кийинки убакыттарда чыккан кооз адабият китептери: Манас, (Айчүрөк, Сейтек) жана ошол сыяктуу китептер. Мына ушулардан жибертүүңүздү абдан сурайбыз, жана “КК” газетасынан эч болбогондо бир-эки экзепляр, “Кыргыз Искусство” журналынан бир эки экзепляр жибертип турууңузду сурайбыз.

Суранып кат жазуучулар: 1) Майрыков Д.

2) Жунусов А.

3) Кулахметов

4) Баржапбаев

5) Шеримбеков

6) Кенжекулов

13.11.1944-жыл

Адрес: Полевая почта 37333