Основание: ЦГА ОПД КР Ф.56. Оп.1. Д.217. Лл.117-119.

Секретарю ЦК ВКП/б/ Киргизии

Тургунбаевге

Өкмөтүн командиринин саяси жагы

гв. майор Поповтун бɵлүгүндɵгү кыргыз (балдардан) кызыл аскерлеринен

Кат

Кымбаттуу Ата-энелер эже, жеңе, карындаштар, Ага инилерге: сиздердин улуу ата мекендик согуштун майданында Гитлердик баскынчыларга чечкиндүү сокку берип аларды батышка кууп бара жаткан, кыргыз элинин Кызыл Аскерлеринен күжүрмɵн

Салам.

Биз эң акыркы күндɵрдɵ сиздердин кам-кордугуңуздар аркасында Ата Мекендик согуштун майданында жүргɵн Кызыл Аскер аскерлерге арнап жиберген белектериңиздерди алып келген Кыргызстан Борбордук партия Комитетинин секретары Суйоркулов, кыргыз элинин акыны Бɵкɵнбаев Жомартар баш болуп келген делегаттарды эң чоң кубанычтуулук менен тосуп алдык. Биз сиздердин жиберген белектериңиздерди алып ошону менен бирге жана силердин делегаттарды кɵрүп. Кыргызстанды кɵргɵндɵй кубанычтуу болдук. Ошону менен бирге сиздердин эмгек фронтундагы фронт үчүн кɵрсɵтүп жаткан жардамыңыздар менен таанышуу менен бирге, жана силердин мындан ары дагы эмгек фронтуңуздарды жогору күчɵтүүңɵргɵ тилектешпиз.

А биз болсок согуштун майданында немистик фашистик армияга чечкиндүү сокку берүнү силердин кана жардамыңыздар аркасында жетишебиз.

Жолдош Сталиндин улуу акылмандыгы аркасында тоодо ташта ɵскɵн Кыргыздын уулдары бүгүн согуштун биринчи техникалары артилери менен жабдылып душманга ойрон салып улуу орус эли менен Дондун агымынан кɵк жайкалган Днепр суусунун боюнча кууп келип ɵлтүрɵбүз. Мына ушул болгон согушта кыргыз элинин уулдары Оморбеков Муслимин ɵзүнүн кыргыз расчету менен 40 кем эмес фашистердин танкесинин контр атакасын кайтарып бул согушта 6 танкесин талкалап жок кылып ɵзүнүн родинасы жана Ата мекенге берилгендигин кɵрсɵтү менен ɵзүнүн күжүрмɵн постунда ɵлүп отурат. Бул гана эмес Түкбашов Бакас сыяктуу кыргыз элинин баатыр уулдары жалгыз ɵзү немецтин эки танкесин жыгып, бүгүнкү күндɵ правительстванын жогорку сыйлыгы болгон Ата Мекендик согуштун II-баскыч ордени менен кɵкүрɵгү бойолгон. Арунов Бексултан, Абакиров Шонко, Тайчиев Иса, Жондошов Мукай, Нургазиев Джумалыга окшогон жолдошторубуз медалдар менен сыйланып отурат. Бул гана эмес мыдан ары дагы чоң жетишкендиктерге жетишебиз деп биз силерге убада бере алабыз.

Биздин жеңишке ээ болуубузга кепил, биз согушка катышкан убакта 2% гана большевиктер партиясынын мүчɵсү боло турган болсо, бүгүнү күндɵ 98% большевиктер партиясына кандидат мүчɵ болуп отурат. Бул дагы биздин дагы бир жолу большевиктер партиясынына аймагына топтолгондугузбу кɵрсɵтүп отурат.

Сиздердин эмгек фронтунда Фронт үчүн куранды кийим-кече, ок, дары, тамак-ашты талыкпай иштеп чыгаруңузду сурайбыз.

Биз ошондо кана тез аранын ичинде немистик фашистик армияны жеңип Ала Тоого чоң жетишкендиктер менен барабыз. Душманды сɵзсүз жеңип чыгабыз! Жеңиш биздики!

Жашасын коммунизимдин улуу жол башчысы жолдош Сталин!!!

Жашасын бүткүл совет элинин улуу достугу!

Бɵлүмдүн кыргыз балдарынын тапшыруусу боюнча

Старшина Юлдашев Ж.

Старшина Абакиров Ш.

Мл. с-нт Арунов Б.

Сиздерден биздин кɵптɵн суранарыбыз ушул биздин катты Кызыл Кыргызстан газетине басып чыгарууңуздарды сурайбыз жана дагы катты алгандыгыңыздарды жана газетага чыктыбы жокпу кат жазуңарды сурайбыз.

Биздин адрес:

Полевая почта 31696 «В»

(подпись) /Юлдашев/

(подпись) /Абакиров/