Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 9. 1-кат

Курман! Саламат ойноп күлүп ден соолугуң жакшы иштеп жүрөсүңбу? Аманчылыктан кийин айта турган кеп: мен тааныгандардан редакцияда кимдер иштейт? Өзүң кайсында иштеп жатасың? Мен болсо Өзбекстандамын турмуш жакшы, ден соолук жакшы. Лейтенантмын Кыргызстандан эч кимден кат албайм кабарсызмын. Кыргыз улут бөлүмү бар деген чынбы? Күрүчбектин кайда экенин билесиңби? Коңурбаев, Джаналиев, Кырбашев, Бөкөмбаев ЦКда иштеген Өмүралиев Абылбек, Мамбеталиев ж. б. Мен тааныган жолдоштордун адресин билсең катка жазып жибер.Уултайдан эки айдан бери кат ала элекмин. Көргөн билген жолдошторго салам айтып кой. С. Новым годом!! Майгара Телеграмма берсеңиз. Уз.ССР п/отд. Бектемир Ташкентский обл Среднечирчикский с/с 14к Янгитурмуш 27.12.41 г.

До свидания (подпись) 18/ХI/1941 Яшинин И.Н.