Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 24. 12-кат

Кир. ССР г. Фрунзе. Дом печати. Союз Советских писателей Киргизии. Кыдырбаевой Курбан

Курбан! Кандай саламатта турасыңбы? Өткөндө жаздым эле алган чыгарсың бирок аз убакыттар болсо да бир далай өзгөрүштөр болуп кетти. Себеби көп күндөн беричегинип бара жаткан душмандын артынан кееде кагышып, кееде атышып дегендей бара жатып бүгүн Чоробара деген станцияга келип түнөп, эртең менен жазып олтурам. Азырынча турмуш жаман эмес себеби жер кепеден (окоп) кутулуп дегендей эркинче басып баражатканга кубанып. Батышты көздөй бара жатабыз. Бул катты жазып жатканда душмандын чегингенин уктум. Азыр резервдеги командирлер камынып жатышат. Болгон жаңылыктарды кийинки катта жазармын. Кайыр кош саламатта бол. Сенден бир жарым айдан бери кат албадым. Кусеин. 17.09.43. г.