Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 24. 13-кат

Кир. ССР г. Фрунзе. Дом печати. Союз Советских писателей Киргизии. Кыдырбаевой Курбан.

Курбан! Кандай саламатта турасынбы? Сенден көптөн бери каталбадым жана чоло тийип да кат жазалбадым. Энди мен болсом ден-соолкта дегендей жакшы турам. 1-январда жеңил жарадар болуп, азырынча жеңил жаралуулардын госпиталында жатам. Жакын күндөрдө кайрадан бөлүккө барып калармын. Кат жазсаң мурдагы адрес боюнча эле жаза бер. Ал энди майданда болуп жаткан жаңылыктарды газетадан окуп тургандырсың. Биздин участкада анчалык деле өзгөрүштөр жок. Бекештен кат кабар келип турабы? Заиттен өткөндө бир кат алдым эле андан кийин кабарсыз болуп кеттим. Көптөн бери эки жактан кабарсызмын. Андагы болуп жаткан жаңылыктарды билгизип жазып турушуңду күтөм. Өткөндө үч төрт жолу газетага чоло боло калганда бирдеме жазымыш болуп жиберип жибердим эле, жетти бекен? Бир орусча текстини да жибердим эле. Азырынча мындан башка деле кеп жок. Саламатта болушуңду күтүп кат жазуучу Кусеин. 15.01.44. г. Молдогазыларга салем-дува айтып коёрсуз. Пединститут көчүп келдиби? Илий кайда Караколдобу же Фрунзеге келдиби? Кусеин 11612 “В” Абдулхай 49954 “Л”