Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 19-кат
Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.
Амандык кат!!! 18.01.44.г. Курман эже, кандай аман жакшы турасыңбы? Ишиң жакшыбы? Газиза, Фатима тателерим жакшы турушабы? Эми мен болсом аман эсен жыйырмаларында кетем. Фронтко жакындап барабыз. Эч нерсе ойлобогула мурункудай эле жол, катты үзбөй жазып турам, силер да жазгыла. Силер кат жазган болсоңор алган жокмун. Үзбөй жазып турам. Илийге, Фатима тателериме жана башка тааныштарга салам айткын. Кош кош башка жаза турган сөз жок. Аманчылыгыңды тилеп, кат жазуучу иниң Бекиш.