Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 4. 2-кат
Курман! Сенден көптөн бери кат келбеди, эмне болду? Сени менен бирге Заитке да кат жаздым эле, андан кат келгенине бир айга жакындап калды. Кусеинден да кат келди, кече үйдөн жана Жамалдан кат келди. Менин турмушум болсо жакшы деним сак. Күн суук эмес. Карагайлуу токойдун ичинде жашап турам. Согуш болсо кээде күчөйт кээде басаңдап турат. Аз күндө бир окуя болоор, аны өз учурунда жазаармын. Кызматым оор эмес, кожоюндарым мени менен жакшы мамиледе. Кол алдымда иштеп жаткандар да жаман эмес. Жакында “Жди меня”, “Воздушный извозчик” жана “Актриса” деген картиналарды көрдүм. Күн сайын жаңылыктарды радиодон угуп турам. Менин бландажымда кокусунан радио приемник пайда болду. Антеннанын кыскалыгынан “РВ-6” кармай албадым. Бүгүн бул катты Гатчино шаарын алгандык жөнүндө Сталиндин приказын угуп олтуруп жаздым. Тез, тез кат жазып тур! Журналдан жибер! Кош саламат бол. Фатимага, Газизага, Марат, Эркиндерге салам айтып кой! Жакында көрүшүүнү тилеп Абдулхай 26.01.44 ж.