Ф.1278. Оп.1. Д.2. Л.65. 65об.

Амандык кат!!! Ардактуу, Акталаанын атыр жыт салкын авасында жашап туручу атам, апама салам. Ардактуу таякем таажеңем жана инилерим, Даирбек, Шүкүрбек, Соронбек, жээндерим Карыбек, Тилекбюбю, ж.б. Баарыңар жалпы жайык аман эсен саламатта жатасыңарбы, дениңер сакпы. Эми мен болсом деним сак Украина фронтунда жүрөм. Март айынын 8си уруш майданына кирип март 18инде ранен болдум оң бутумдан. Кайра май айынын 25инде фронтко кеттим. Мен ушул катты Польша жеринде жүрүп жаздым эч кандай капа болбогула деним сак болсом барармын, 2 курдай фронтко кеттим. Курманбек 10 июнь.