Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 3. 8-кат

Курманжан! Саламатсыңбы? Акыры, кудай урган Германиядан чыгып эми элди көздөй келе жатам бүгүн 09.03.46-жыл. Каунастын станциясында туруп ушул катты жаздым. Шашып жатам кечир. Буюрса көрүшөргө аз калдык. Келеер жерим Архангельск ошол жерден отпуск сурайм. Саламат бол. Илийге жана балдарына менден салам айт Илий таарынбасын мен ага кат жиберүүгө чолом тийбеди. Эгер мүмкүн болсо энеме кат жазып кой менин келееримди эртереек билсин. Кош саламатта бол Абдулхай 09.03.46 жыл. Конвертте жазган адрес жолочулуктун табылышы.